Эрдоган Харирини кабыл алды

Президент Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында Саад Харири менен жеке жолугушуу өткөрдү.

1560218
Эрдоган Харирини кабыл алды

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Ливанда өкмөттү курууга дайындалган Саад Харирини кабыл алды.

Президенттиктин Коомуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, президент Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында Саад Харири менен жеке жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, экономикалык, соода жана маданий тармактарда Түркия-Ливан карым-катнаштарын өнүктүрө турган кадамдар каралып, аймактык маселелерде кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Президент Эрдоган жолугушууда, түптүү тарыхка негизделген эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнаштарды тереңдетүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүү экендиктерин билдирди.

Ливандын саясий туруктуулугунун ливандыктар менен бирге аймактын тынчтыгы жана бакубаттагы үчүн да орчундуу экендигин белгилеген Эрдоган, Түркиянын дос жана бир тууган Ливан элинин биримдигине багытталган салымдардын улана турганын айтты.

Саад Харири да Түркиянын Ливанга колдоосу жана инвестициялары үчүн президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар