Эрдоган Биринчи Инөнү жеңишинин 100 жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады

Эрдоган билдирүүсүндө, Биринчи Инөнү согушунда жетишилген жеңиштин тарыхка ийгиликтин жаркын мисалдарынын бири катары киргенин айтты.

1560234
Эрдоган Биринчи Инөнү жеңишинин 100 жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ар дайым жана бардык шарттарда ыйык мекенди жана желекти берилгендик менен коргоону уланта тургандарын билдирди.

Президент Эрдоган Биринчи Инөнү жеңишинин 100 жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

Эрдоган билдирүүсүндө, көз карандысыздык үчүн күрөштө туруктуу армиянын батыш фронтунда грек армиясы менен биринчи салгылашуусу болгон Биринчи Инөнү согушунда жетишилген жеңиштин, тарыхка ийгиликтин жаркын мисалдарынын бири катары киргенин айтты.

Биринчи Инөнү жеңишинин ошол эле учурда Боштондук согушунун акыркы жеңишинин жарчысы болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Гази Мустафа Кемалдын 'Түркиянын жаңы өкмөтүнүн кичинекей бирок улуттук идеалдуу жаш армиясы үч эсе көп душманды Инөнү согушунда жеңди' деген сөздөрү менен түшүндүргөн бул жеңиш, улутубуздун чечкиндүүлүгүн жана аракетин арттырды. Улутубуздун оор шарттарга карабастан көз карандысыздык үчүн жанын аябай күрөшүүсү менен жетишкен даңазалуу жеңиштерибиз биздин келечегибизге эргүү берүүнү уланта берет. Биз дагы ар дайым жана бардык шарттарда ыйык мекенибизди жана желегибизди бирдей аң-сезим жана берилгендик менен коргоону улантабыз. Ушундан улам Гази Мустафа Кемал менен бирге көз карандысыздык үчүн күрөшкөн бардык баатырларыбызды таазим кылып эскеремин»,-деди.



Тектеш кабарлар