Чавушоглу испан кесиптеши менен жолукту

Чавушоглу кечээ Испанияга жасаган иш сапарынын алкагында кесиптеши Аранча Гонсалес Лайя менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

1560303
Чавушоглу испан кесиптеши менен жолукту
Arancha Gonzalez Laya_Mevlüt Çavuşoğlu ile ortak basın.jpg
Mevlüt Çavuşoğlu_Madrid.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) менен мамилелеринде жаңы барак ачуу үчүн иштеп жатканын айтты.

Чавушоглу кечээ Испанияга жасаган иш сапарынын алкагында кесиптеши Аранча Гонсалес Лайя менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу, механизмдерди натыйжалуу колдонуу жана өкмөттөр аралык саммиттин 7-жыйынын ушул жылдын экинчи жарымында Түркияда өткөрүү боюнча Испания менен макулдашкандарын айтты.

Чавушоглу эки тараптуу карым-катнаштарды ар тараптан жакшыртуу үчүн биргеликте иш алып барууга чечкиндүү экендиктерин билдирди.

Испаниянын Түркияга Европа Биримдиги темасында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген Чавушоглу: «2020-жылы кээ бир мүчө өлкөлөр менен болгон көйгөйлөрүбүздөн улам ЕБ менен карым-катнаштарыбызда чыңалууну баштан кечирдик. Бул биз каалаган кырдаал эмес. Бирок ушул оор шарттарда дагы Испания сыяктуу акыл-эстүү берки мамлекеттердин акылмандыгы менен чыңалуунун ордуна диалогго артыкчылык берилди жана акыркы саммит буга негиз түздү. Европа Биримдиги менен болгон мамилелерибизде жаңы барактарды ачуунун үстүндө иштеп жатабыз»,-деди.

Чавушоглу, президент Режеп Тайип Эрдогандын Европа Биримдиги Кеңешинин жана Комиссиянын төрагаларын Түркияга чакырганын, өзү да 21-январда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Боррелл менен жолугушарын билдирди.

Испан министр Гонсалес Лайя да: «Түркия бизге коңшу эмес. Бирок Европа Биримдиги менен өзгөчө мамиледе болгон, тышкы рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар , ЕБне толук кандуу талапкерлиги уланып жаткан, ар түрдүү позициядагы өлкө»,-деди.



Тектеш кабарлар