YTB Түркия бүтүрүүчүлөрүнө колдоо

Кайрылуулар "basvuru.ytb.gov.tr" дарегинен 10 - январдан баштап жыл бою кабыл алынат.

1559996
YTB Түркия бүтүрүүчүлөрүнө колдоо

Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгы YTB Түркиядан бүтүргөндөргө карата иштерин улантууда.

Түркияда түрдүү университеттерде окуп, магистр жана доктора программаларында окугандан кийин өлкөлөрүнө кайткан миңдеген эл аралык студент Түркия бүтүрүүчүлөрү үй  - бүлөсүнө окумуштуу, саясатчы, ишкер, экономист, спортчу жана өнөрпоз катары кошулууда.

Башкармалык Түркиядан кеткенден кийин өз өлкөлөрүндө жана эл аралык аренада ийгиликтүү иштерге кол койгон, өлкөлөрүнүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон Түркия бүтүрүүчүлөрүн бул жылы колдоо үчүн эки колдоочу программаны жарыялады. YTB "Түркиядагы бүтүрүүчүлөрдү академиялык стимулдаштыруучу программасы" жана "Түркиядагы спорт бүтүрүүчүлөрүнө кызмат көрсөтүү сыйлыгы жана стимулдаштыруу программасы" менен Түркия бүтүрүүчүлөрүнө каржылык колдоо көрсөтөт.

Түркия бүтүрүүчүлөрүн академиялык кызыктыруу программасынын негизинде Түркия бүтүрүүчүсү окумуштуулар жана изилдөөчүлөрдүн түрк маданияты, тили жана тарыхы тууралуу жүргүзгөн эмгектерине колдоо көрсөтөт.

Спорт кызмат сыйлыгы жана стимулдаштыруу программасынын негизинде  Түркиядан бүтүргөн спортчулары келечектеги ийгиликтерин шыктандыруу максатында сыйлык алат. Эл аралык жана регионалдык чемпионаттардын алкагында Түркия ар кандай курактагы ийгиликтүү бүтүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт.

Кайрылуулар "basvuru.ytb.gov.tr" дарегинен 10 - январдан баштап жыл бою кабыл алынат.

"Www.turkiyemezunlari.gov.tr" программасы боюнча колдонмо көрсөтмөлөр даректе болот.



Тектеш кабарлар