Шентоп Түрксат 5Ага байланыштуу билдирүү жасады

Түрксат 5А, Түркия убактысы боюнча саат 05:15те АКШнын Флорида штатындагы Канаверал Кейп базасынан ийгиликтүү учурулду.

1559925
Шентоп Түрксат 5Ага байланыштуу билдирүү жасады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) Төрагасы Мустафа Шентоп, космоско ийгиликтүү учурулган Түркиянын бешинчи муундагы байланыш спутниги Түрксат 5Ага байланыштуу билдирүү жасады.

Шентоп Твиттердеги билдирүүсүндө, Түркиянын бешинчи муундагы байланыш спутниги Түрксат 5Анын космоско учурулгандыгын белгилеп: «Президентибиздин жетекчилиги астында өлкөбүз бардык тармактарда болгондой эле технологияда да өнүгүп-өсүүнү улантат»,-деди.

Түрксат 5А, Түркия убактысы боюнча саат 05:15те АКШнын Флорида штатындагы Канаверал Кейп базасынан ийгиликтүү учурулду.



Тектеш кабарлар