Президент Р. Т. Эрдоган : "АКШда Конгрессте болгон окуя бүткүл адамзатты таң калтырды"

Президент Эрдоган Стамбулда күн тартиби тууралуу маалымат берди.

1560049
Президент Р. Т. Эрдоган : "АКШда Конгрессте болгон окуя бүткүл адамзатты таң калтырды"

 Президент Режеп Таййип Эрдоган демократиянын бешиги деп мүнөздөлгөн АКШдагы Конгресстин басып алынышы  бүткүл адамзатты таң калтыргандыгын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда күн тартиби тууралуу маалымат берди.

Эрдоган сөзүндө АКШнын борбору Вашингтондо 6 - январда, Жо Байдендин президенттик шайлоодогу жеңиши тастыктала турган Конгресс жыйыны учурунда, президени Дональд Трамптын тарапташтарынын Конгресс имаратына кириши менен башталган окуяларга токтолду.

Эрдоган : «Демократиянын бешиги деп аталган АКШдагы бул процесс чындыгында бардык адамзаттыкты таң калтырды»,- деди.

Түркияда 2013 -  жылы болгон Гези окуяларында жана 2016 -  жыл 15 -  июлдагы козголоң кыймылында үн чыгарбаган жана бул тууралуу түрдүү маалыматтарды жарыялаган АКШ жана АКШ медиасына каршылык көрсөткөн Эрдоган : «Ал учурда да иштин башында демократтар бар эле. Демократтар кандай болсо республикачылдардын да ошол экендигин көрдүк. 20 -  январдан тарта Жо Байдендин өткөрүп алуу аземинин тынч өтүшүн каалайбыз»,- деди.

Мындан кийинки процессте Байден менен АКШнын тынчтыкка жетишинен үмүт кылгандарын баса белгилеген Эрдоган : «Ковид  - 19 эпидемия мезгилин жашап жатабыз. Мындай эпидемия мезгилинде  жоопкерчилик менен процесстин улантылышына ишенем. Эл аралык карым  - катнаштарда да башка бир мезгилге АКШ да кириши керек. Каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнүн сабырдуу болууларын каалап, жаралууларга да көңүл айтабыз»,- деди.

АКШнын борбор шаары Вашингтондо өткөн Конгресстин жыйыны учурунда  Жо Байдендин шайлоодогу жеңиши тастыктала турган Конгресстин сессиясында, президент Дональд Трамптын тарапташтары Конгресстин имаратына кириши менен чыккан окуяда 5 адам каза тапканы жана алардын бири полиция кызматкери болгону билдирилген.

Вашингтон полициясы окуяларда ондогон адамдар кармалганын билдирди.

Эрдоган өз билдирүүсүндө Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет тарабынан 2017 - жылдан бери Катарга киргизилген эмбаргонун жоюлушуна да токтолуп : «Эмбаргону жоюу булуң үчүн абдан пайдалуу болду. Туугандык байланыштары бар бул адамдардын мындай жол менен бири - бирине душман лагерлерге бөлүнүшү оң абал эмес»,- деди.

Эрдоган : «Азыркы учурда мунун ийгиликтүү болушу пайдалуу кадам болду. Перс булуңундагы позициябыздын орун алышы да  Перс булуңундагы кызматташууну дагы да жакшыртат деп үмүттөнөбүз",- деди.

Ковид - 19 вакцинасына байланыштуу : «Кытайдан биринчи партияда 3 миллион доза келди бирок 50 миллионго чейин чыгат»,- деген Эрдоган : «Бул Ковид жөнөкөй иш эмес, кылымдын эпидемиясы. Ошондуктан бир мамлекеттин башчысы катары, бийлик катары  колубуздан эмне келсе муну аткарууга мажбурбуз.  Баасына карабастан вакциналарды, дарыларды да алабыз. Булардын бир бөлүгүн өлкөбүздө чыгарабыз жана буйруса булар менен бирдикте күрөшөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар