Министр Чавушоглу «Diario do Noticias» гезитине макала жазды

Чавушоглу «Түрк эли өз келечегин ЕБде көрүүдө» деген макала жазды.

1560185
Министр Чавушоглу «Diario do Noticias» гезитине макала жазды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, тарыхый жактан Европанын ажырагыс бөлүгү болгонун жана боло берээрин белгилеп: «Түрк эли өз келечегин Европа Биримдигинде (ЕБ) көрүүдө»,-деди.

Министр Чавушоглу Португалиянын «Diario do Noticias» гезитине «Түрк эли өз келечегин ЕБде көрүүдө» деген макала жазды.

Португалиянын Европа Биримдиги Кеңешине төрагалыгы, Түркия менен ЕБнин ортосунда адилеттүү мамилелердин түзүлүүсү жагынан мүмкүнчүлүк катары баа берилгендигин айткан Чавушоглу: «Португалиянын, ЕБнин кеңейиши менен Түркиянын кошулуу процессине жана Түркия-Европа Биримдиги мамилелерине карата принциптүү колдоосун ар дайым кубаттадык»,-деди.

Чавушоглу, Португалиянын Түркиянын ЕБне кошо турган баалуулуктарын билээрине ишенгендерин да белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Европа Биримдиги менен карым-катнаштарын мүчө болуу перспективасынын алкагында өнүктүрө турганын жана түрк элинин өз келечегин ЕБде көргөнүн айтты.

Министр Чавушоглу, президент Режеп Таййип Эрдоган да баса белгилегендей "Биз келечегибизди ЕБ менен бирге кургубуз келет" деген сөздөргө орун берип, Түркиянын дүйнөнүн берки аймактарында өнүгүп жаткан карым-катнаштары жана жигердүү тышкы саясатынын Европа интеграция долбоорунан ажырабаганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар