Коронавирус: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 186 киши көз жумду.

1560189
Коронавирус: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 186 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 22 миң 550 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 184 миң 193 тест жасалып, 1 миң 291 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 11 миң 479 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 894 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 182 миң 145ке жогорулады.



Тектеш кабарлар