Түрксат 5A эртең учурулат

Спутник АКШнын Флорида штатындагы Канаверал Кейп базасынан учурулат.

1559061
Түрксат 5A эртең учурулат

Түркиянын бешинчи муундагы спутниги Түрксат 5A эртең Түркия убактысы боюнча саат 4:26да космоско жөнөтүлөт.

АКШнын Флорида штатындагы Канаверал Кейп базасынан "Space Х" компаниясына таандык "Falcon 9" ракетасы менен учурула турган спутник, 31 градус чыгыш орбитасында кызмат кылат.

Түрксат 5A спутниги маневр кылуу мөөнөтү менен орбитадагы жыштык жана орбита укуктарын 30 жыл бою камсыз кылат.

Түрксат 5А Түркия, Европа, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Борбордук Батыш Африка, Түштүк Африка, Жер Ортолук деңизи, Эгей деңизи жана Кара деңизди камтыган аймакта телекөрсөтүү жана маалыматтык байланыш кызматтарын көрсөтөт.

Спутниктин 31 градус чыгыш орбитасында өз позициясына жетүү сапары болжол менен төрт айга созулуп, ушул жылдын экинчи чейрегинде кызмат кыла баштайт.



Тектеш кабарлар