Түркиянын АКШдагы окуяларга байланыштуу билдирүүлөрү

Түркия АКШдагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

1559250
Түркиянын АКШдагы окуяларга байланыштуу билдирүүлөрү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) болуп жаткан окуяларга тынчсыздангандарын, тараптарды алгач тынчтанууга чакыргандарын билдирди.

Шентоп социалдык медиа аккаунтундагы постунда, АКШдагы президенттик шайлоодон кийин болгон жана кечээ демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барган окуяларга сереп салды.

Мустафа Шентоп: «Америка Кошмо Штаттарындагы окуяларга тынчсыздануу менен байкоо салып, тараптарды алгач сабырдуулукка чакырабыз. Мен ар дайым мыйзам жана демократиянын чегинде көйгөйлөрдүн чечиле алаарына ишенем. Түркия катары биз дайыма мыйзам менен демократияны жактап келдик. Баарына да ушуну сунуш кылабыз»,-деди.

Адилет министри Абдулхамит Гүл да Твиттердеги билдирүүсүндө төмөндөгүдөй сөздөрдү айтты:

«АКШнын Конгрессинде болуп өткөн окуяларга тынчсыздануу менен байкоо салдык. Биз ар дайым бардык жерде жактагандай АКШда дагы демократия менен мыйзамдын аткарылышын, шайлоочулардын эркинин урматталышын жана бул эрктин ачыкка чыгышын каалаймын».

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа баракчасынан дүйнөнүн бардык жеринде болгондой эле АКШда да демократиялык процесстердин үстөмдүгүн жана мыйзамдардын мыйзамдуулугун жактагандарын белгилеп: «АКШдагы окуяларда шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай, зордук-зомбулукка барган нааразычылык акциялары туура эмес жана мыйзамга каршы келет. Демократиялык процесстердин үстөмдүгүнө каршы чыгуу мыйзамдуу эмес. Зордук-зомбулук эч качан акыйкаттыкты издөөнүн методу эмес. Бардыгын демократиялык баалуулуктарды урматтоого чакырабыз» ,-деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын борбор шаары Вашингтондо президент Дональд Трампка колдоо көрсөткөн бир топ демонстранттын полиция тосмосунан өтүп, Конгресстин имаратына киргендигине байланыштуу Твиттер баракчасынан өз билдирүүсүн бөлүштү.

«Биз АКШдагы окуяларды тынчсыздануу менен байкап жатабыз» деген Калын, ушул эле билдирүүнүн англис тилиндеги нускасын да бөлүштү.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Твиттердеги аккаунтуна пост жазып: «Биз АКШдагы демократия бардык мекеме жана тажрыйбалары менен мүмкүн болушунча эртерээк иштей баштайт деп ишенебиз»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр да, АКШ Конгрессинин кечээ президент Дональд Трамптын жактоочулары тарабынан курчоого алынгандан кийин болгон окуяларга тынчсыздануусун билдирди.

Бозкыр, Твиттердеги баракчасынан: «Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң ири демократиялык мамлекеттердин бири. Мындай оор мезгилдеги демократиялык процесстерде тынчтык жана сый-урмат өкүм сүрөт деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар