Сойлу видео бөлүшүп Грецияны айыптады

Сойлу: «Греция күнөөсүз адамдарды өлүмгө түртүүдө, Европа болсо карап турат»

1559226
Сойлу видео бөлүшүп Грецияны айыптады

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Грециянын күнөөсүз адамдарды (мыйзамсыз мигранттарды) өлүмгө түрткөнүн, Европанын болсо карап турганын билдирди.

Сойлу Твиттердеги баракчасынан Грециянын Жээк коопсуздугу элементтеринин мыйзамсыз мигранттарды куткаруунун ордуна алардын өмүрүн тобокелге салып Түркиянын аймактык сууларына түрткөндөрүн, андан кийин качкындардын Түркиянын Жээк коопсуздугу элементтери тарабынан куткарылгандыгын чагылдырган видеону бөлүштү.

Англис жана түрк тилдеринде бөлүшкөн Сойлу: «Греция күнөөсүз адамдарды өлүмгө түртүп жатат, Европа болсо карап турат. Түркиянын Жээк коопсуздугу күчтөрү адамдардын өмүрүн сактап калууда. Күн сайын уланып жаткан бул адамгерчиликсиз мамилеге үн катпаган @ Frontexти жана @ Europarl_ENди айыптайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар