Шентоп АКШдагы окуяларга сереп салды

Шентоп, тараптарды алгач тынчтанууга чакыргандарын билдирди.

1558935
Шентоп АКШдагы окуяларга сереп салды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) болуп жаткан окуяларга тынчсыздангандарын, тараптарды алгач тынчтанууга чакыргандарын билдирди.

Шентоп социалдык медиа аккаунтундагы постунда, АКШдагы президенттик шайлоодон кийин болгон жана кечээ демонстранттар Конгресстин имаратына кирип барган окуяларга сереп салды.

Мустафа Шентоп: «Америка Кошмо Штаттарындагы окуяларга тынчсыздануу менен байкоо салып, тараптарды алгач сабырдуулукка чакырабыз. Мен ар дайым мыйзам жана демократиянын чегинде көйгөйлөрдүн чечиле алаарына ишенем. Түркия катары биз дайыма мыйзам менен демократияны жактап келдик. Баарына да ушуну сунуш кылабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар