Эрдоган Албания менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрөбүз

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарага келген Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен жекече жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

1558800
Эрдоган Албания менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрөбүз

Президент Режеп Тайип Эрдоган Албания менен экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну пландаштырып жатышканын билдирди.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарага келген Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен жекече жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Албанияда инфраструктура жана туризм тармагындагы инвестицияларды көбөйтүүнү пландаштыргандыктарын жана бул өлкө менен экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну пландаштыргандыгын билдирди.

Түркиянын колдоосу менен Албанияда оорукана курула тургандыгын айткан Эрдоган: «Албанияда Маариф Фонду өткөрүп алган университет менен, ал жерде кудум эле Стамбул техникалык университетиндей университет курулат»,-деп айтты.

Албаниянын премьер-министри Эди Рама болсо президент Эрдоган менен жолугушуусунда эки өлкөнүн мамилелеринде жаңы барак ачуу үчүн күчтүү эркти көргөнүн айтты.

Рама ошондой эле Албанияда болгон жер титирөөлөрдө (мурдагы жана өткөн жылкы) колдоо көрсөткөн жана ар дайым жардамын аябаган түрк элине ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар