Каракалпакстанда жагдай нормалдашты

Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын колбашчысынын орун басары Хамиджан Дадабаев Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында билдирүү жасады.

1852924
Каракалпакстанда жагдай нормалдашты

Айдын башында Өзбекстанда мыйзамсыз нааразылык демонстрациялары өткөн Каракалпакстан Автономиялуу Республикасында кырдаал толугу менен нормалдашканы маалымдалды.

Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын колбашчысынын орун басары Хамиджан Дадабаев Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында билдирүү жасады.

Өзбекстандын Конституциясындагы Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын статусуна байланыштуу беренелерди өзгөртүү боюнча айрым сунуштардан кийин 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында башталган нааразылык демонстрациялары мыйзамсыз аракеттерге айланганын белгилеген Дадабаев, учурда абал толугу менен нормалдуу жана көзөмөлгө алынганын билдирди.

Окуяга байланыштуу чет элдик жарандардын да кармалганын баса белгилеген Дадабаев, тергөө иштери жүрүп жаткандыктан кармалгандардын өздүгү ачыктала албасын айтты.

Өзбекстандын бийликтери жергиликтүү жана чет элдик басма сөз кызматкерлери үчүн Нукус шаарына пресс-тур уюштуруп, окуялар тууралуу кеңири маалымат беришти.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Каракалпакстандагы демонстрацияларды өлкөнүн баш мыйзамына киргизиле турган өзгөртүүлөрдү «туура эмес чечмелеген» жарандар тобу уюштурганын билдирди.

Мындан улам Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев демонстрациялар өткөн Нукус шаарына барып, ал жердеги жарандар менен жолугуп, Каракалпакстандын статусу өзгөртүлбөй турганын билдирген.

Мирзиеев кол койгон жарлык менен демонстрациялар уланып жатканына байланыштуу Каракалпакстан Автономиялуу Республикасында 2-августка чейин өзгөчө кырдаал жарыяланды.



Тектеш кабарлар