Каракалпакстандагы окуяларда 18 адам каза болду

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, өлкөнүн Конституциясындагы Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын статусуна тиешелүү беренелерди өзгөртүү боюнча сунуштар коомчулукта күн тартибине чыккандан кийин нааразылык акциялары өттү.

1851578
Каракалпакстандагы окуяларда 18 адам каза болду

Өзбекстандын Каракалпакстан Автономиялуу Республикасында 1-2-июль күндөрү болгон окуяларда 18 адам каза болуп, 243 адам жаракат алганы маалымдалды.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, өлкөнүн Конституциясындагы Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын статусуна тиешелүү беренелерди өзгөртүү боюнча сунуштар коомчулукта күн тартибине чыккандан кийин нааразылык акциялары өттү. Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында 1-2-июль күндөрү болгон окуяда 18 адам каза болуп, 243 адам жаракат алган, анын ичинде 38 адам коопсуздук кызматкери экендиги аныкталган.

Жабыркаган 94 кишинин ооруканага жаткырылганы, айрымдарынын абалынын оор экени белгиленген билдирүүдө, окуяларга байланыштуу 516 кишинин кармалганы баса белгиленди.

Өзбекстандын Конституциясындагы Каракалпакстан автономиялык республикасынын статусуна байланыштуу беренелерди өзгөртүү боюнча айрым сунуштар күн тартибине келиши Каракалпакстанда 1-июлда нааразылык акциялары башталышына себеп болгон.

Мындан улам Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев митингдер уланып жаткан Нукус шаарына барып, жарандар менен жолугуп, Каракалпакстандын макамы өзгөртүлбөй турганын билдирди.

Митингдер уланып жаткандыктан Мирзиёев кол койгон жарлык менен Каракалпакстан Автономиялуу Республикасында 2-августка чейин өзгөчө кырдаал жарыяланды.



Тектеш кабарлар