Алиев: «Түркия менен Азербайжандын биримдиги биздин элдер үчүн негизги жол картасы»

Алиев борбор шаар Бакуда президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан TEKNOFEST Азербайжанда сөз сүйлөдү.

1834115
Алиев: «Түркия менен Азербайжандын биримдиги биздин элдер үчүн негизги жол картасы»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев: «Түркия менен Азербайжандын биримдиги биздин элдер үчүн негизги жол картасы»,-деди.

Алиев борбор шаар Бакуда президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан TEKNOFEST Азербайжанда сөз сүйлөдү.

Азербайжан элинин мындан 104 жыл мурда эгемендүүлүккө ээ болгонун, бирок анын 2 жыл гана жашап өткөнүн эске салган Алиев: «1990-жылдардын башында эгемендүүлүктү кайра алды. 30 жылдан бери эгемендүүлүк менен жашап келе жатабыз. Ушул 30 жылда ар дайым жаныбызда түрк боордошторубуз болду. Бул колдоону 30 жыл бою сезип келгенбиз, азыр да сезип жатабыз. Бүгүнкү күндө Түркия менен Азербайжан кайрадан бирге»,- деп айтты.

«Түркия менен Азербайжандын биримдиги биздин элдер үчүн негизги жол картасы»,-деп айткан Алиев мунун аймак жана дүйнө үчүн абдан маанилүү фактор экенин, эки өлкөнүн ишеними канчалык көп болсо, аймактагы тынчтык жана ырааттуулук да ошончолук күчтүү болоорун белгилеп: «Муну биз жана бүт дүйнө 2-Карабах согушунда (2020-жылдын сентябрь-ноябрь) көрдүк»,-деди.

Түркиянын Карабах согушунда Азербайжандын тарабында болгонуна көңүл бурган Алиев, согуштун алгачкы сааттарында Эрдогандын «Азербайжан жалгыз эмес, Түркия анын тарабында»,-дегенин эске салып, анын билдирүүсү аларга дем-күч, моралдык маанай жана ишеним бергендигин,Азербайжан эли бул колдоону эч качан унутпай турганын баса белгиледи.

Илхам Алиев Түркия менен Азербайжандын мындан ары өсүү сызыгында гана алдыга жыла турганын баса белгилеп: «Жашасын Түркия-Азербайжан биримдиги жана бир туугандыгы. Карабах Азербайжандыкы»,-деп сөздөрүн бүтүрдү.



Тектеш кабарлар