Казакстандын президенти Токаев Кыргызстанга сапар менен барды

Эки өлкөнүн ортосунда авиациялык издөө-куткаруу тармагында кызматташуу келишиминен тышкары билим берүү, айыл чарба, экономика, логистика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында кызматташуу меморандумдарына кол коюлду.

1832942
Казакстандын президенти Токаев Кыргызстанга сапар менен барды

Казакстандын президенти Касым -  Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен барды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөсүнө чакырган Казакстандын президенти Токаевди расмий азем менен тосуп алды. 

Жапаров жана Токаев Кыргызстандын президенттик резиденциясында жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү. Делегациялар аралык жолугушууда сөз сүйлөгөн Жапаров : "Эки өлкөнүн ортосунда олуттуу саясий карама-каршылыктар жок",- деди. 

Жапаров  Кыргызстан менен Казакстандын биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да кеңейте тургандыгын айтты.  

Кыргызстанга сапарынын эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык карым  - катнаштардын түзүлүшүнүн 30 жылдыгында ишке ашкандыгына көңүлдөрдү бурган Токаев : "Бүгүн сиздин күчтүү башкарууңуз менен Кыргызстанда маанилүү саясий, социалдык жана экономикалык реформалар ишке ашырылууда. Мамлекетти, улуттун биримдигин жана Кыргызстандын дүйнөдөгү беделин бекемдөө үчүн кылган бардык аракеттериңизди колдойбуз. Казакстан катары бул максаттардын ишке ашырылышы үчүн бардык колдоону берүүгө даярбыз",- деди. 

Токаев  Жапаровдун Казакстан менен көп тараптуу өнөктөштүктү түзүү каалоосун жана бул багыттагы атайын аракетин колдогондугун айтты. 

Эки өлкөнүн ортосунда авиациялык издөө-куткаруу тармагында кызматташуу келишиминен тышкары билим берүү, айыл чарба, экономика, логистика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында кызматташуу меморандумдарына кол коюлду.

 

 



Тектеш кабарлар