Шентоп Азербайжандын маданий шаары Шушага барды

Шентоп менен бирге Азербайжан Улуттук Мажлиси уюштурган сапарга Улуттук Мажлистин төрайымы Сахибе Гафарова, Пакистан Улуттук Парламентинин төрагасы Ража Перваиз Ашраф жана Тажикстан Парламентинин төрагасы Махмадтоир Зокирзода да катышты.

1829080
Шентоп Азербайжандын маданий шаары Шушага барды

Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЭКУПА) 3-Башкы конференциясы үчүн Азербайжанга барган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Карабахтын символикалык шаары Шушага барды.

Шентоп менен бирге Азербайжан Улуттук Мажлиси уюштурган сапарга Улуттук Мажлистин төрайымы Сахибе Гафарова, Пакистан Улуттук Парламентинин төрагасы Ража Перваиз Ашраф жана Тажикстан Парламентинин төрагасы Махмадтоир Зокирзода да катышты.

Баш калаа Бакудан курулушу армян оккупациясы аяктагандан кийин дароо башталып 2021-жылдын 26-октябрында ачылган Физули аэропортуна учуп барган Шентоп жана башка расмий адамдар Физулиден жаңы курулган Жеңиш жолу менен тарыхый Шуша шаарына жетишти.

Азербайжандын Президентинин Шушадагы Атайын өкүлү Айдын Керимов Шентоп жана аны коштоп жүргөн адамдарга шаардын уникалдуу архитектуралык стили жана азербайжан элинин улуттук-маданий мурасы тууралуу маалымат берди.

Шентоп жана башка расмий адамдар Азербайжандын маданий борбору Шушадагы шаар аянтын, сепилди, акын Хуршитбану Хатавандын үйүн, акын Молла Панах Вагифтин күмбөзүн, Жидир түздүгүн жана мечиттерди зыярат кылышты.



Тектеш кабарлар