Жапаров: «Коопсуздук коркунучу ЖККУнун жоопкерчилик чегине жакындап калды»

Кыргызстандын президентинин басма сөз борбору Жапаровдун Орусиянын борбору Москвада өткөн ЖККУнун саммитинде сүйлөгөн сөзүн жарыялады.

1827819
Жапаров: «Коопсуздук коркунучу ЖККУнун жоопкерчилик чегине жакындап калды»

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров коопсуздук коркунучу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жоопкерчилик чөйрөсүнүн чегине жакындап калганын билдирди.

Кыргызстандын президентинин басма сөз борбору Жапаровдун Орусиянын борбору Москвада өткөн ЖККУнун саммитинде сүйлөгөн сөзүн жарыялады.

Жапаров коопсуздук коркунучу жана аскердик-саясий чыңалуу ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүнүн чегине жакындап калганын белгилеп: «ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү аракеттери байкалууда”,-деди.

(Орусияга) санкциялардан улам пайда болгон чыңалуудан тынчсыздануусун билдирген Садыр Жапаров:«Кыргызстандын экономикасы жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынан чыга электе, санкциялар (Россияга) азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык жана социалдык туруктуулукка коркунуч туудурууда»,-деп айтты.

Жапаров ЖККУнун (Ооганстан) түштүк чек араларындагы абал дагы эле абдан тынчсыздандыруучу экенин билдирди.

ЖККУнун түзүлгөн күндөн бери өзүнө жүктөлгөн жооптуу миссияны аткаруу менен институционалдык жактан өнүгүп, потенциалын бекемдегенин баса белгилеген Жапаров, акыркы жылдарда болуп жаткан эл аралык окуялардын Бресттен (Беларусь) Владивостокко (Орусиянын Ыраакы Чыгыш шаары) чейин жалпы жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ЖККУнун алкагында кабыл алынган стратегиялык чечимдердин тууралыгын ырастаганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар