Кытайдын мамлекет башчысы Орто Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен саммит өткөрдү

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин  Орто Азиянын 5 өлкөсүнүн лидерлери менен онлайн түрүндө саммит өткөрдү.

1768511
Кытайдын мамлекет башчысы  Орто Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен саммит өткөрдү

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин  Орто Азиянын 5 өлкөсүнүн лидерлери менен онлайн түрүндө саммит өткөрдү.

Кытай менен Орто Азия өлкөлөрүнүн ортосунда түзүлгөн дипломатиялык карым  - катнаштардын 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн саммитке Казакстандын президенти Касым – Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахман, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов катышты.

Кытай менен Орто Азия өлкөлөрүнүн акыркы 30 жылда эл аралык мамилелерде үлгү боло турган жакшы карым-катнаштарды өнүктүргөнүн белгилеген Си, бул ийгиликтин  сыры бири - бирин урматтоо, жакшы коңшулук, кыйын мезгилде тилектештик жана өз ара пайда көрүүгө таянгандыгын  айтты.

Си Кытайдын аймактын туруктуулушу менен өнүгүшүн колдогондугун айтып : «Эл аралык шарттар кандай өзгөрсө өзгөрсүн же Кытай канчалык чоң өспөсүн, биз Орто Азия өлкөлөрү таяна турган жакшы коңшу, өнөктөш жана боордош өлкө бойдон кала беребиз»,- деди.

Кытай Орто Азия өлкөлөрү менен болгон мамилесин мындан ары да өнүктүрүүнү жана жалпы келечекти бирге курууну каалай турганын баса белгилеген Си, аймак өлкөлөрүнө коронавирустун жаңы түрү Ковид-19га каршы вакцина, дары-дармек жана эпидемиядан коргоочу материалдарды жеткирүүдө колдоо көрсөтүүгө убада берди.

Бул жылы Орто Азия өлкөлөрүнө 50 миллион доза вакцина жардам тургандарын баса белгилеген Си, бул тармакта технология жана билимди аймак өлкөлөрүнө өткөрүүнү максат кылгандарын да айтты.

Си ошондой эле Кытай менен Орто Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өлкөлөр эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин акыркы 30 жылда 100 эсеге өскөнүн, Пекиндин аймак өлкөлөрүнө болгон түз инвестициясынын 14 миллиард долларга жеткенин билдирди.

2013 - жылы Казакстанда өткөрүлгөн жыйында Кытай биринчи жолу ортого салган «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагындагы долбоорлордун Кытай менен Орто Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык карым - катнаштардын өнүгүшү үчүн ачкыч мүнөзүндө болгонун баса белгилеген Си, Кытайдын Орто Азиянын продукцияларына өзүнүн чоң рыногун ачууга даяр экенин, 2030 - жылга чейин эки тараптуу сооданы 70 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар