ЖККУнун Тынчтык корпусунун күчтөрү Казакстандан толугу менен чыкты

Казакстандын Коргоо министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Олжас Хүсейинов бүгүн ЖККУнун Тынчтык корпусунун өлкө аймагынан толугу менен чыккандыгын билдирди.

1765208
ЖККУнун Тынчтык корпусунун күчтөрү Казакстандан толугу менен чыкты

Казакстан  6 - январда өлкөгө киргизилген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму ЖККУнун Тынчтык корпусунун өлкөдөн толугу менен чыгып кеткенин жана учурда өлкөдө бир дагы чет элдик аскер бөлүгүнүн жок экенин билдирди.

Казакстандын Коргоо министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Олжас Хүсейинов бүгүн ЖККУнун Тынчтык корпусунун өлкө аймагынан толугу менен чыккандыгын билдирди.

Президент Касым Жомарт Токаевдин көрсөтмөсү менен ЖККУнун Тынчтык корпусунун  13 - январдан тарта өлкөдөн акырындык менен чыгарыла баштаганын эске салган Хусейинов кырдаалды турукташтыруу үчүн аталган аскер бөлүктөрү өлкөгө жайгаштырылганын кошумчалады.

Казакстандын батышында 2 - январда суюлтулган мунай газынын кымбатташы жана өлкөдөгү социалдык - экономикалык абалдын начарлашы деген негизде башталган нааразылык акциялары өлкөнүн мурдагы борбору Алматыда кагылышууга айланган.

6 - январда өлкөгө ЖККУнун Тынчтык корпусу киргизилген. Россия, Беларусь, Кыргызстан, Армения жана Тажикстандын аскердик бөлүктөрүнөн турган ЖККУнун Тынчтык корпусунун  террордук операцияга катышпай, стратегиялык жана социалдык объектилердин коопсуздугун камсыздоо менен гана милдеттендирилгени билдирилген.

Президент Токаев 11 - январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө конституциялык түзүлүшүн калыбына келтирилгенин жана ЖККУнун Тынчтык корпусу күчтөрүнүн 19 - январга чейин өлкөдөн толугу менен чыгарыларын билдирген.



Тектеш кабарлар