Армения Азербайжан позицияларын аткылап жатат

Армениянын Куралдуу күчтөрүнө караштуу бөлүктөрдүн кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.20дан бүгүн саат 5.10го чейин Азербайжан позицияларына курал жана пулемёттор менен аткылагандары кабарланды.

1761267
Армения Азербайжан позицияларын аткылап жатат

Азербайжандын Коргоо министрлиги, Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн чек арадагы Азербайжан позицияларына түнү бою ок аткандарын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө Армениянын Куралдуу күчтөрүнө караштуу бөлүктөрдүн кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.20дан бүгүн саат 5.10го чейин Азербайжан позицияларына маал-маалы менен курал жана пулемёттор менен аткылагандары кабарланды.

Билдирүүдө Армениянын эч кандай себепсиз жана тийиштүү үч тараптуу декларациялардан (Азербайжан, Армения жана Россиянын ортосунда кол коюлган декларациялардан) келип чыккан милдеттенмелерин бузуп эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалды курчутушу “атайылап жасалган аскердик провокация жана аскердик авантюра” деп сыпатталды.

Бардык учурда каршы тарапка жетиштүү жооп кайтарылганы белгиленген билдирүүдө, кагылышууда Азербайжан армиясынан эч кандай жоготуу болбогону белгиленди.

Аймакта абалдын салыштырмалуу тынч жана азербайжандык аскерлердин көзөмөлүндө экени кабарланды.

Кечээ түшкө маал Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн огунан бир азербайжандык аскер шейит болгон.



Тектеш кабарлар