Токаев: «ЖККУ аскерлери 2 күндөн кийин акырындап өлкөдөн чыгып кетишет»

Токаев парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү кырдаал боюнча билдирүү жасады.

1760517
Токаев: «ЖККУ аскерлери 2 күндөн кийин акырындап өлкөдөн чыгып кетишет»

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн 2 күндөн кийин акырындык менен Казакстандан чыга баштаарын билдирди.

Токаев парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү кырдаал боюнча билдирүү жасады.

Казакстанга каршы террордук согуш башталганын белгилеген Токаев, террористтерге каршы операциянын эң кыйын бөлүгүн жеңгендерин жана абалдын турукташканын айтты.

Токаев алар мүчө болгон ЖККУдан өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу аскердик жардам сурашканын эске салып: «Казакстан ЖККУ өнөктөштөрүнөн тынчтык күчтөрүн жөнөтүүнү мыйзамдуу түрдө өтүнгөн. Бул чечим кабыл алынган учурда биз Алматыны толугу менен көзөмөлдөй албай калуунун алдында турганбыз. Эгерде биз Алматыдан ажырап калсак анда борбордон, анан бүтүндөй өлкөбүздөн ажырап калмакпыз»,- деп баа берди.

ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн миссиясы ийгиликтүү аяктаганын белгилеген Токаев: «ЖККУнун тынчтык күчтөрү 2 күндөн кийин Казакстандан акырындап чыга баштайт, чыгуу мөөнөтү эң көп дегенде 10 күндү түзөт», - деди.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими менен Казакстанга 2 миң 300 аскер жана 250 техника жөнөтүлгөн болчу.

Казакстандын президенти «террор менен согуш» деп мүнөздөгөн бул кол салуулардын артында кимдер турганын аныктоо абдан маанилүү экенин айтты.

Казакстанга жасалган кол салуулар көп жыл мурун пландала баштаганын, өткөн жылы Жамбыл облусунда болгон этникалык кагылышуулардын да бул пландын бир бөлүгү экенин айткан Токаев, Улуттук коопсуздук комитетинин кээ бир кызматкерлерин мамлекетке берилбегендик менен айыптады.

Кол салуунун уюштуруучуларынын өлкөдөгү газга болгон баалардын көтөрүлүшүнө байланыштуу элдин нааразычылыгын курал катары колдонгонун билдирген Токаев: «Коомубуздун биримдиги профессионалдуу даярдалган сценарийлер менен системалуу түрдө бузулду»,-деди.

Токаев ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугуна жооптуу бардык институттар реструктуризацияланарын баса белгиледи.

Учурда өзгөчө кырдаал режиминде турган өлкөдө каржы институттарынын чет өлкөгө капитал которуштуруу коркунучу өтө жогору экенин жана учурда айрым эсептердеги кыймылдарды аныктаганын белгилеген Токаев Улуттук банкка бул тармакта көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Токаев ошондой эле чиновниктердин, өзгөчө депутаттардын айлыгын жогорулатууга беш жылдык мораторий киргизгенин жарыялады.

Ал арада Казакстандагы окуяларда полиция тарабынан кармалгандардын саны 9900гө жеткени кабарланды.

Суюлтулган мунай газынын көбөйүшү жана социалдык-экономикалык абал начарлады деген негизде 2-январда башталган нааразылык демонстрацияларында коопсуздук күчтөрү да болгон ондогон адам каза болду.

Казакстандын президенти Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, нааразылык акциялары үчүн айыптаган.

Нааразылык акциялары жайылгандыктан өлкө боюнча өзгөчө кырдаал  жарыяланган.



Тектеш кабарлар