Кыргызстан: «Аксакалдар кеңешинин жыйыны Казакстанда өтүшү керек»

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Казакстандагы окуяларга баа берүү үчүн онлайн жолугушуусуна катышты.

1761003
Кыргызстан: «Аксакалдар кеңешинин жыйыны Казакстанда өтүшү керек»

Кыргызстан Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) Аксакалдар кеңешинин жыйынын жакын арада Казакстанда өткөрүүнү сунуштады.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Казакстандагы окуяларга баа берүү үчүн онлайн жолугушуусуна катышты.

Кыргызстан 2022-жылдын алгачкы күндөрүнөн тарта коңшу Казакстандагы акыркы окуяларды кылдаттык менен жана тынчсыздануу менен байкап жатканын белгилеген Казакбаев Казакстанга ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Казакбаев Казакстан тараптын өтүнүчү боюнча Кыргызстан Казакстанга стратегиялык пункттарды коргоо үчүн гана тажрыйбалуу офицерлерден жана контракттык аскерлерден турган чектелген контингентин жөнөткөнүн эске салды.

Казакбаев ТМУнун Аксакалдар кеңешинин (кеңеш берүүчү орган) жыйынын жакын арада Казакстанда өткөрүүнү сунуштады.



Тектеш кабарлар