Казакстан парламенти жаңы премьер-министрин шайлады

Алихан Смаилов Казакстандын жаңы премьер-министри болуп дайындалды.

1760548
Казакстан парламенти жаңы премьер-министрин шайлады

Алихан Смаилов Казакстандын жаңы премьер-министри болуп дайындалды.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев премьер  - министрлик кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин парламентке сунуштады. Парламенттин  төрагасы Нурлан Нигматулин аны 89 депутаттын баары бир добуштан колдогонун билдирди. Смаилов 5 - январдан тартып өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан.

Смаилов бардык депутаттардын “макул” добушун алуу менен өлкөнүн 12 -  премьер  - министри болду.

Мындан мурунку кабинетте премьер  - министрдин биринчи орун басарлыгы кызматын аткарган, 50 жаштагы Смаилов 5 -  январда мурдагы премьер  - министр Аскар Маминдин жетекчилигиндеги өкмөттүн өлкөдө суюлтулган газ бааларынын кымбатташына каршы баштатылган нааразылык акцияларынан улам отставкага кетиши менен Убактылуу өкмөт башчылыгын аткарды.

Смаилов добуш берүүдөн кийин  премьер  - министр катары биринчи сөзүндө ушундай кырдаалда өзүнө ишенген президент Токаев жана депутаттарга ыракмат айтты.

Негизги милдети өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту түзүү жана инфляцияны азайтуу экенин белгилеген Смаилов : «Жарандардын бардык мыйзамдуу кайрылуулары эсепке алынат жана аткарылат»,- деди.



Тектеш кабарлар