Армениянын аскерлери Азербайжан позицияларына кол салды

Кол салууда Азербайжандын 1 аскери шейит болду

1761001
Армениянын аскерлери Азербайжан позицияларына кол салды

Азербайжан  - Армения чек арасындагы армян аскерлери Келбежердеги Азербайжан аскерлери жайгашкан  позицияларды аткылап, 1 Азербайжан аскери каза болду. 

Азербайжан Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда чек аранын Келбежер аймагында армян аскерлери Азербайжан позицияларына ок атты. 

Түшкү сааттарда болгон кол салууда Азербайжан аскери Аяз Незевов шейит болду. Азербайжан армиясынын кийлигишүүсү менен Армениянын кол салуусу токтотулду. Министрликтин билдирүүсүндө чыңалуунун жоопкерчилиги Армения аскерлери менен саясатчыларына жүктөлөрү билдирилди.



Тектеш кабарлар