Токаев ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү

Жакында эл аралык коомчулукка өлкөдө болуп жаткан окуялардын далилин көрсөтө тургандыктарын баса белгилеген Токаев: «Бийлик карапайым элге каршы согуш ачкан жок, ачпайт»,- деди.

1760010
Токаев ЖККУ жыйынында сөз сүйлөдү

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев өлкөсүндөгү окуялардын аты аталбаган бирдиктүү борбордон координацияланганын айтты.

Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн жыйынында сөз сүйлөдү.

Өлкөсүнүн төңкөрүш аракетинен кутулганын айткан Токаев, социалдык окуялар менен Алматы шаарынын бутага алынганын, өлкөнүн түштүгү, андан соң борбор шаар Нур-Султандын басылып алынууга аракет кылынганын билдирди.

Жакында эл аралык коомчулукка өлкөдө болуп жаткан окуялардын далилин көрсөтө тургандыктарын баса белгилеген Токаев: «Бийлик карапайым элге каршы согуш ачкан жок, ачпайт»,- деди.

Токаевдин айтымында, окуялар бирдиктүү борбордон координацияланды.

Орусия жетектеген блоктун Казакстанга 2 миң 30 аскер жана 250 аскердик техника жөнөткөнүн белгилеген Токаев: «Орусиянын жетекчилигиндеги блоктун кадамдарынын мыйзамдуулугуна айрым чөйрөлөрдөгү шектенүүлөр маалыматтын жетишсиздигинен келип чыгууда. Блок менен жүргүзүлгөн кеңири масштабдагы антитеррордук операция жакында аяктайт»,- деди.

Токаев жаңы өкмөттүн тизмесин болсо шейшемби күнү жарыялай турганын билдирди. 



Тектеш кабарлар