Казакстанда окуяларда кармалгандардын саны көбөйдү

Казакстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөдө жүрүп жаткан операцияда кармалгандар боюнча маалыматтар такталды.

1759965
Казакстанда окуяларда кармалгандардын саны көбөйдү

Казакстандагы окуяларда кармалгандардын саны 7939га жетти.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөдө жүрүп жаткан операцияда кармалгандар боюнча маалыматтар такталды.

Билдирүүдө 10-январга карата полиция тарабынан кармалгандардын саны 7 миң 939га жеткени белгиленген.

Билдирүүдө Алматыдагы эки базардан 207 киши кармалып, сөз болуп жаткан операцияда 5 унаа, компьютер, музыкалык аспаптар, курал сыяктуу уурдалган буюмдар алынган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети дагы Алматыдагы окуяга катышкан 2 топ зыянсыздандырылды деп билдирди. Сөз болуп жаткан топтор 4-8-январь күндөрү шаардагы коомдук тартипти бузууга багытталган иш-чараларга катышып, алар турган жерден курал-жарак жана диний китептер табылганы маалымдалган.

Казакстандын батышында 2-январда башталып, суюлтулган мунай газынын кымбатташына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начарлашына байланыштуу нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.

Демонстрациялар маалында коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду. Өзгөчө өлкөнүн түштүгүндөгү Алматы шаарында полиция унааларын өрттөп, өкмөттүк имараттарга кирген демонстранттарга күч органдары үн бомбалары менен жооп кайтарды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  нааразылык акциялары үчүн күнөөлөнгөн өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Нааразылык акциялары жайылган сайын өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды. Демонстранттар коомдук имараттарды басып алып, курал колдонгондо, Нур-Султан администрациясы коопсуздук күчтөрүнө операция жасоого буйрук берди.

7-январда Токаев өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык түзүлүш калыбына келтирилгенин белгилеп: «Террорчулар дагы эле курал колдонууну жана жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүнү улантууда»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар