Казакстанда аза күтүү күнү...Кыргызстандык ырчы бошотулду...

Улуттук аза күтүү күнүндө бардык мамлекеттик мекемелерде жана өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө, өзгөчө Президенттик сарай Акордада желектер жарым ылдый түшүрүлдү.

1760173
Казакстанда аза күтүү күнү...Кыргызстандык ырчы бошотулду...

Казакстанда суюлтулган мунай газынын кымбатташынан кийин башталган нааразылык акцияларында каза болгондор үчүн 10-январда улуттук аза күтүү жарыяланды.

Улуттук аза күтүү күнүндө бардык мамлекеттик мекемелерде жана өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө, өзгөчө Президенттик сарай Акордада желектер жарым ылдый түшүрүлдү.

Өлкөдөгү телеканалдардагы жана радиоберүүлөрдөгү көңүл ачуучу программалар алынып салынды. Мамлекеттик мекемелердин жана маалымат агенттиктеринин сайттарынын негизги беттери да ак-кара түстө даярдалды.

Улуттук аза күтүү күнүнөн улам Түркиянын Нур-Султандагы элчилиги казак эли менен тилектеш экендиктерин билдирип, элчиликтин желектерин жарымга түшүрүштү жана социалдык медиа баракчаларында өз билдирүүсүн жасап «Бир тууган Казакстан менен биргебиз» деп жарыялады.

Түрк Мамлекеттери Уюмунун (TМУ) катчылыгында мүчө жана байкоочу мамлекеттердин желектери жарым ылдый түшүрүлдү.

Уюмдун билдирүүсүндө, «Боордош Казакстандын эли жана жетекчилиги менен ар дайым тилектеш болгон Түрк Мамлекеттери Уюму, окуяда каза болгондорго Аллахтын ырайым кылуусун, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин жана өлкөнүн тезирээк нормалдуу жашоого келишин тилейт»,делди.

Казакстандын Ички иштер министрлиги окуяда 26 адам, анын ичинде 18 күч түзүмүнүн кызматкери каза болгонун билдирди.

Президент Касым Комерт Токаев ошондой эле Казакстанда жасалган террордук актылардын натыйжасында каза болгондорго байланыштуу 2022-жылдын 10-январында өлкө боюнча улуттук аза күтүү жарыялоо чечимин кабыл алды.

Бир тараптан өлкөдө болгон окуяларда кармалгандардын саны 207ге көбөйүп, 7 миң 939га жетти.

Алматыдагы окуяларга катышкан деп кармалган кыргызстандык белгилүү музыкант Викрам Рузахунов бошотулду.

Маалымат каражаттарында жарыяланган сүрөттөрдө Рузахунов «акча үчүн демонстрацияларга катышуу үчүн Казакстанга барганы» жана Алматыда кармалганы айтылган.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Казакстандын Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаевди министрликке чакырып, музыкант Рузахуновдун тез арада бошотулушу боюнча нота берди.

Казакстандын батышында 2-январда газга болгон баанын көтөрүлүшү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начарлашы менен башталган нааразылык демонстрациялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.

Демонстрациялар маалында коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду. Өзгөчө өлкөнүн түштүгүндөгү Алматы шаарында полиция унааларын өрттөп, өкмөттүк имараттарга кирген демонстранттарга күч органдары үн бомбалары менен жооп кайтарды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев нааразылык акциялары үчүн күнөөлөнгөн өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Нааразылык акциялары жайылган сайын өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды. Демонстранттар коомдук имараттарды басып алып, курал колдонгондо, Нур-Султан администрациясы коопсуздук күчтөрүнө операция жасоого буйрук берди.

7-январда Токаев өлкөнүн бардык аймактарында конституциялык түзүлүш калыбына келтирилгенин белгилеп: «Террорчулар дагы эле курал колдонууну жана жарандардын мүлкүнө зыян келтирүүнү улантууда»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар