Назарбаевдин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын өзү өткөрүп бергендиги жарыяланды
Назарбаевдин басма сөз кеңешчиси Айдос Укибай Назарбаев Казакстандагы окуялар болгон күндөрү Нур- Султанда болгонун жана президент Токаевди колдогонун билдирди.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өзү өткөрүп бергени жарыяланды.
Назарбаевдин басма сөз кеңешчиси Айдос Укибай Назарбаев Казакстандагы окуялар болгон күндөрү Нур- Султанда болгонун жана президент Токаевди колдогонун билдирди.
Укибай:«Абал абдан оор болчу, ошондуктан «Улут лидери» башаламандыктар менен терроризмге өлкөнүн тез, чечкиндүү жана элдешкис реакциясын талап кыларын жакшы билип, Коопсуздук кеңешине төрагалык кылууну президентке өткөрүп берүүнү өзү чечти»,-деп айтты.
Назарбаев менен Токаевдин элин, өлкөсүн жана улуттун келечегин коргоп, ар дайым бир тарапта экенин баса белгилеген Укибай: «Назарбаев менен Токаев бардыгыбыз үчүн бул оор күндөрдө дагы бир жолу бирдиктүү мамлекеттик бийликтин күчүн көрсөтүштү»,-деди.
Үкибай Казакстандын биринчи президенти тууралуу басма сөздө жана социалдык тармактарда көптөгөн жалган ушак-айың кептер жана чагымчыл жазуулар бар экенине көңүл буруп: «Азыркы шартта биз мындай аракеттерди саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана мамлекеттин конституциялык негиздерин бузуу аракети катары баалайбыз»,-деп айтты.
Мурдагы Советтер Союзу ыдырагандан кийин 1991-жылы эгемендикке жетишкен Казакстандын тунгуч президенти болуп шайланган Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айына чейин кызматын аткарып, андан кийин ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.
Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматын улантты.
Казакстанда 2-январда башталган нааразылык акциялары көчө окуяларына, коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышуусуна айлангандан кийин Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгына келгенин жарыялаган.