Казакстандагы окуяларда кармалгандардын арасында чет элдиктер да бар экени жарыяланды

Казакстандын Ички иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө өлкөдө жүргүзүлгөн операцияларда кармалгандар тууралуу маалымат берилди.

1759513
Казакстандагы окуяларда кармалгандардын арасында чет элдиктер да бар экени жарыяланды

Казакстанда күйүүчү майдын кымбатташы менен чыккан окуяларда башка өлкөнүн жарандары да болгон 5 миң 135 киши кармалды.

Казакстандын Ички иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө өлкөдө жүргүзүлгөн операцияларда кармалгандар тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө өлкө боюнча кармалгандардын саны 5 миң 135ке жеткени, нааразылык акцияларында өлкөдөгү коомдук тартипти жана конституциялык түзүлүштү коргоодо жаракат алган коопсуздук күчтөрүнүн саны дагы 1300дөн көп болгону белгиленди.

Билдирүүдө 300 адамдын унаасы менен же жөө жүрүп, чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда кармалганы, алардан ири өлчөмдөгү акча жана ок атуучу куралдар жана уюлдук телефондор менен уурдалган товарлар табылганы белгиленгенди.

Билдирүүдө: «Учурда өлкөдө коопсуздукту жана тартипти сактоо максатында терроризмге каршы операция уланууда. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында абал турукташып калды. Буга чейин басып алынган бардык жергиликтүү бийлик имараттары бошотулду»,делди.

Кечээ өлкөдө кармалгандардын саны 4 миң 266 деп жарыяланып, алардын арасында коңшу өлкөнүн жарандары да бар экени айтылды.



Тектеш кабарлар