Азербайжандан Түркияга көңүл айтылды

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов, Шанлыурфанын Акчакале районундагы чек ара сызыгында шейит болгон аскерлер үчүн улуттук коргоо министри Хулуси Акарга жана башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлерге көңүл айтты.

1759485

Хасанов өзүнүн билдирүүсүндө: «Шанлыурфанын Акчакале районунда болгон чыккынчылык террордук кол салууда даңазалуу түрк армиясынын 3 аскеринин шейит болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен уктум. Сиздин кайгыңыз биздин кайгыбыз. Террор менен күрөшүүдө ар дайым бир тууган Түрк куралдуу күчтөрүнүн жанындабыз жана бардык күчүбүз менен сиздерди колдойбуз»,-деди.

Шейит болгон жоокерлерге Аллахтан ырайым тилеген Хасанов шейиттердин жакындарынын азасын тең бөлүшөрүн белгиледи.

Улуттук коргоо министрлиги Акчакале районундагы чек ара тилкесинде террористтер тарабынан колго жасалган жардыргыч зат менен жасалган кол салууда 3 аскердин шейит болгонун билдирген.

Тектеш кабарлар