Казакстандын президенти Токаев бардык күч түзүмдөрүнө тапшырма берди

Өлкөдө абал курч бойдон турат.

1758108
Казакстандын президенти Токаев бардык күч түзүмдөрүнө тапшырма берди

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев өлкөсүндөгү нааразылык акцияларына байланыштуу бардык күч түзүмдөрүнө «даяр болууну» тапшырды.

Казакстандын Президенттигинин билдирүүсүнө ылайык, Касым Жомарт Токаев өлкөдөгү окуялардын себептерин аныктоо, бардык күнөөлүүлөрдү кылмыштык жана административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин жана берки ыйгарым укуктуу мекемелердин өкүлдөрүнөн турган “атайын тергөө тобун” түзүүнү чечти.

Куралдуу күчтөргө, Улуттук коопсуздук комитетине, Ички иштер министрлигине, Улуттук гвардияга жана күч түзүмдөрүнө “даярдыкта болуу жана аскерлердин духун көтөрүү үчүн чараларды көрүүнү” тапшырган Токаев облус губернаторлорунан да каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүүнү суранды.

Токаев Санариптик өнүктүрүү, инновация жана авиациялык өнөр жай менен Ички иштер министрликтерине, каза болгондор жана дайынсыз жоголгон жарандар тууралуу маалымат алуу үчүн «шашылыш чакыруу» линиясын түзүүнү тапшырды.

Ал арада Алматы полициясынын басма сөз катчысы Салтанат Азирбек Кабар-24 телеканалына берген маалыматында, борбор калаа Алматыда түн ичинде коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болгонун билдирди.

Митингчилердин административдик жана полиция имараттарын басып алууга аракет кылып жатканын белгилеген Азирбек: «Ондогон кол салгычтар таасирсиз кылынды. Алардын өздүгү такталууда»,-деди.

Алматыда күч түзүмдөрү баштаган операциянын уланып жатканын билдирген Азирбек, шаар тургундарын көчөгө чыкпоого чакырды.

Казакстандын батышында 2-январдан тарта газдын баасынын көтөрүлүшү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал начарлады деген негизде нааразылык акциялары башталып өлкөнүн башка аймактарына да жайылды.

Митингдерде коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын ортосунда кагылышуулар болду.

Полиция жана аскердик унааларды өрттөп, өкмөттүк имараттарга кирген демонстранттарга коопсуздук күчтөрү үн бомбалары менен жооп кайтарышты.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев нааразылык акциялары үчүн күнөөлөнгөн өкмөттүн отставкасын кабыл алды.

Нааразылык акциялары жайылып кеткендиктен өзгөчө кырдаал (OHAL) алгач борбор шаар Нур-Султан, Алматы жана Мангистау облустарында жарыяланды.

Андан соң өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режиминин күчүндө экени айтылды.



Тектеш кабарлар