Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант берди

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн жалпы шайлоодон кийин  Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттары ант берүү аземине чогулушту.

1754188
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттар ант берди
Kırgızistan Parlamento Ant İçme 2.jpg

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн жалпы шайлоодон кийин  Жогорку Кеңештин 7-чакырылыштагы депутаттары ант берүү аземине чогулуп, ант беришти.

Эң улуу депутат катары «Ынтымак» партиясынын депутаты Шарапаткан Мажитова жыйынды убактылуу жетектеди.

Мажитова шайланган депутаттардын элдин, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жакшы иштешин каалады.

Гимн ырдоо менен башталган салтанатта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова депутаттарга мандатын тапшырды.

Мандат алган депутаттар трибунага колун коюп ант беришти.

Ата Журт партиясынан 15 депутат, Ишеним партиясынан  12, Ынтымак партиясынан  9, Альянс партиясынан 7, Бүтүн Кыргызстан партиясынан 6 жана Ыйман Нуру партиясынан 5 депутат бар.

Ошентип, 90 орундуу парламентте саясий партиялар 54, көз карандысыз талапкерлер 36 орунду ээледи.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин эки районунда (Биринчи май жана Свердлов ) көз карандысыз талапкерлер ат салышкан шайлоону келерки жылдын башында кайра өткөрүү чечими кабыл алынган.



Тектеш кабарлар