Түркия-Армения карым-катнаштарынын нормалдашуусу үчүн Азербайжандан колдоо...

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жыл жыйынтыгын баалоо жыйынында жергиликтүү жана чет элдик басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

1753314
Түркия-Армения карым-катнаштарынын нормалдашуусу үчүн Азербайжандан колдоо...

Азербайжан Түркия менен Армениянын ортосундагы карым – катнаштардын нормалдашуусун толук колдой турганын билдирди.

Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жыл жыйынтыгын баалоо жыйынында жергиликтүү жана чет элдик басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

30 жылдык оккупациялык абалдын аймакка келтирген зыянын түшүндүрүүнүн Азербайжандын тышкы саясатынын приоритеттеринин арасында болгонун баса белгилеген Байрамов, Азербайжан менен Армениянын ортосунда уланып жаткан сот процесстерине токтолду.

Эки өлкөнүн Эл аралык Адилет Сотуна бири-бирине доо арыз менен кайрылганын эске салган Байрамов, Армениянын негизсиз дооматтарынын көбүнүн сот тарабынан кабыл алынбаганын айтты.

Эл аралык сот системасында Арменияга каршы күрөшүн уланта тургандарын билдирген Байрамов: «Биринчи кезекте экологияга келтирилген зыян жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу боюнча эл аралык сотторго кайрылабыз. Бул маселе 2022-жылы биздин милдетибизге кирет»,-деп айтты.

Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарга баа берген Байрамов: «2021-жылдын 15-июнунда кол коюлган тарыхый Шуша декларациясынын маанисин баса белгилегим келет. Бул декларация менен Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштар союздаштык деңгээлине көтөрүлдү»,-деди.

Министр Байрамов Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессине байланыштуу, «Биз Армения-Азербайжан мамилелеринин эл аралык укуктун принциптеринин негизинде нормалдаштырылышын жактайбыз. Алтургай тынчтык келишиминин үстүндө иштөөгө даяр экенибизди билдирдик. Бул чөлкөмдөгү мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди кененирээк деӊгээлде нормалдаштыруу үчүн негиз түзө алат деп ойлойбуз. Биз боордош Түркия менен Армениянын ортосундагы мамилелердин нормалдашуусун толук колдойбуз.Түркиянын бул маселе боюнча билдирүүлөрүн жогору баалайбыз. Урматтуу тууганым тышкы иштер министри мевлүт Чавушоглу ар бир билдирүүсүндө бул теманын аймактагы процесстерге оң таасиринен, бул темалардын Азербайжан менен кеңешилишинен, жалпы кызыкчылыктар жана мамилелерден  кеп кылууда»,-деген баасын берди.



Тектеш кабарлар