Татарстандын президенти Миннихановдун «президент» наамынын алынышына реакциясы

Минниханов Татарстандын борбору Казанда өткөргөн маалымат жыйынында мыйзамдагы эң жогорку деңгээлдеги аймактык башкаруучу наамын колдонууга байланыштуу беренелерге баа берди.

1753322
Татарстандын президенти Миннихановдун «президент» наамынын алынышына реакциясы

Орусия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Президенти Рустам Минниханов «президент» наамын алып салган мыйзамга реакция жасады.

Минниханов Татарстандын борбору Казанда өткөргөн маалымат жыйынында мыйзамдагы эң жогорку деңгээлдеги аймактык башкаруучу наамын колдонууга байланыштуу беренелерге баа берди.

Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин (Татарстан Парламенти) бул мыйзамга каршы чыкканына көңүл бурган Минниханов: «Мыйзам эми кабыл алынды. Биз мыйзамды сыйлаган элбиз. Бирок биздин пикирибиз эске алынган жок»,-деди.

Минниханов мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын бири РФнын Конституциялык комитетинин төрагасы Андрей Клишас экенин билдирип: «Эгерде Клишас биздин жыйынга келип, биз менен сүйлөшүп, мыйзамды түшүндүрүп берсе, биздин позициябыз башкача болмок», - деди.

Минниханов белгилегендей, бул мыйзам Орусиянын президентине «ишеним жоголгондугу үчүн аймактын башчысын кызматтан алуу укугун» берет.

Орус парламентинин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думанын айрым депутаттары сентябрда Россия Федерациясына кирген аймактардын эң жогорку администратору наамын колдонуу боюнча федералдык деңгээлдеги мыйзам долбоорун даярдашкан.

Мыйзам долбоору Татарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешине жөнөтүлдү. Татарстан парламенти да 25-октябрдагы жыйынында 100 депутаттын 82синин добушу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун четке какты.

Ага карабастан мыйзам долбоору Мамлекеттик Думада 14-декабрда кабыл алынган. Федерация Кеңеши 15-декабрда жактырган мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин 21-декабрда кол койгон.

Мыйзамга ылайык, федерацияга кирген аймактардын эң жогорку деңгээлдеги башкаруучусу «аймактык президент» деп аталат. Мыйзамдагы аймактык президенттин наамы жана ыйгарым укуктары боюнча бөлүм 2022-жылдын июнь айында күчүнө кирет.



Тектеш кабарлар