Татар: «Эрдоган менен абдан жемиштүү жолугушуу өткөрдүк»

Түркия сапарын аяктагандан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасына кайткан президент Татар, Эржан аэропортунда басма сөз өкүлдөрүнө маалымат берди.

1752636
Татар: «Эрдоган менен абдан жемиштүү жолугушуу өткөрдүк»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Түркия сапарынын алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен абдан жемиштүү жолугушуу өткөрүшкөндөрүн белгилеп, саламаттыкты сактоо, экономика жана Кипр темаларын сүйлөшүшкөнүн айтты.

Түркия сапарын аяктагандан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасына кайткан президент Татар, Эржан аэропортунда басма сөз өкүлдөрүнө маалымат берди.

Татар Анкарада жолуккан Түркиянын президенти Эрдоган менен абдан жемиштүү жолугушуу өткөрүшкөндөрүн айтып, Кипр маселеси, жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемия процесси жана ар түрдүү темалар, өзгөчө экономика темаларын сүйлөшүшкөнүн айтты.

Эки саатка жакын созулган жекеме-жеке жолугушууда президент Эрдоган менен түрдүү темаларды сүйлөшкөндөрүн белгилеген Татар, саламаттыкты сактоо, экономика жана Кипр темаларын сүйлөшкөндөрүн, өзгөчө экономика темасында кеңири сүйлөшкөндөрүн айтты.

Эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган Экономикалык протоколдун иштетилиши, Түндүк Кипр Түрк Республикасында түрк лирасы депозиттик эсеп калканчынын ишке ашырылышы жана эки өлкөнүн ортосундагы сооданын түрк лирасы менен жүргүзүлүшү сыяктуу темаларды сүйлөшкөндөрүн белгилеген Татар, мунун «позитивдүү жолугушуу» болгонун баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар