Илхам Алиев туулган күнүн Шушада өткөрдү

Президент Алиев алгач жубайы Михрибан Алиева жана уулу Гейдар Алиев менен Хожавенд облусунун Хадрут шаарында командалык бригаданын ачылышына катышты.

1752453
Илхам Алиев туулган күнүн Шушада өткөрдү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 60 жылдык мааракесин Карабахтын символдук шаары Шушада өткөрдү.

Президент Алиев алгач жубайы Михрибан Алиева жана уулу Гейдер Алиев менен Хожавенд облусунун Хадрут шаарында командалык бригаданын ачылышына катышты.

Алиев жана  үй - бүлө мүчөлөрү кийин Шуша шаарына барышты.

Кыздары Лейла жана Арзу Алиева да катышкан сапарда Чыдыр түздүгүнө барган Алиев бул жерде сөз сүйлөдү.

Туулган күнү менен куттуктагандардын баарына ыраазычылык билдирген Алиев, атасы Гейдер Алиевдин жерлердин бошотулгандыгын көрбөгөнүнө кайгырганын, бирок жан дүйнөсү кубанганын белгиледи.

Алиев сөзүн : «Мындан ары да ушул эле чечкиндүүлүк менен өлкөнүн кызыкчылыгын көзөмөлдөөнү уланта беремин жана сиздердин жардамыңыздар менен жаңы ийгиликтерге жетишебиз. Карабах биздики, Карабах Азербайжан»,- деп бүтүрдү.

 



Тектеш кабарлар