Кыргызстан түрк ишкерлерин инвестиция салууга чакырды

Казакбаев Түркия-Кыргызстан Ишкерлер, маданият, ынтымак жана достук коомунун (TÜKİD) 1 жылдыгына карата борбор калаа Бишкекте уюштурулган мааракелик программада өлкөдөгү түрк ишкерлеринин саны жетишсиз экенин айтты.

1751021
Кыргызстан түрк ишкерлерин инвестиция салууга чакырды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түрк ишкерлерин Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында инвестициялык активдүүлүктөрүн арттырууга чакырды.

Казакбаев Түркия-Кыргызстан Ишкерлер, маданият, ынтымак жана достук коомунун (TÜKİD) 1 жылдыгына карата борбор калаа Бишкекте уюштурулган мааракелик программада өлкөдөгү түрк ишкерлеринин саны жетишсиз экенин айтты.

Министр Казакбаев: «Биз ар дайым жаңы ишкерлерди кабыл алууга даярбыз жана аларга ачыкпыз. Тышкы иштер министри бардык маселелерди чече албайт. Бирок биз министрликтин командасы катары сиздер менен бирге болууга, колдоо көрсөтүүгө, көйгөйлөрүңүз менен 24 саат күрөшүүгө даярбыз. Жоопкерчиликти чогуу алабыз. Кандай болгон күндө да сиз менен бирге иштешели»,-деди.

Инвестициялар министри Нурадил Баясов да Түркиянын Кытайдан кийин Кыргызстанга эң көп инвестиция салган өлкөгө айланганын, 300дөн ашуун түрк ишкерлеринин Кыргызстанда көп тармакта инвестициясы бар экенин белгиледи.

Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган да Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы интенсивдүү өз ара сапарлар диалогдун жана стратегиялык кызматташтыктын өнүгүүсүнүн эң чоң көрсөткүчү экенин айтты.

Доган Түркиянын «Манас» университети жана «Маариф» Фонду мектеби менен Кыргызстандын билим берүү тармагында эң чоң инвестор болуп калганын белгиледи.



Тектеш кабарлар