Кыргызстан Түркиядан Байрактар ​​TB2лерди өткөрүп алды

Бул тууралуу Президенттиктин басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жарыяланды.

1749456
Кыргызстан Түркиядан Байрактар ​​TB2лерди өткөрүп алды
Bayraktar TB2 Kırgızistan'da 1.jpg
Bayraktar TB2 Kırgızistan'da 4.jpg
Bayraktar TB2 Kırgızistan'da 5.jpg
Bayraktar TB2 Kırgızistan'da 6.jpg
Bayraktar TB2 Kırgızistan'da 7.jpg

Кыргызстандын Түркиядан сатып алган Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (SİHA) өлкөгө жетти.

Президенттиктин басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматында колдонуу үчүн сатылып алынган Байрактар ​​TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды карап чыкты.

Жапаровго SİHAлардын иштөө системасы тууралуу маалымат берилип, үлгүдөгү учуу көрсөтүлдү.

Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар толугу менен өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды коргоо үчүн колдонула турганы айтылды.



Тектеш кабарлар