Санжардан Түрк дүйнөсүнө "фундаменталдык илимдерге инвестиция салгыла" кеңеши

Бакуга барган Нобель сыйлыгынын ээси Санжар маалымат жыйын өткөрдү.

1744131
Санжардан Түрк дүйнөсүнө "фундаменталдык илимдерге инвестиция салгыла" кеңеши

Нобель сыйлыгынын ээси түрк илимпозу профессор доктор Азиз Санжар Түрк дүйнөсүнө: «Бизде ресурстар бар. Жумушчу күчүбүз бар. Чоң потенциалыбыз бар. Күчүбүздү фундаменталдык илимге берели. Балдарыбызды эксперименталдык илимге үйрөтөлү»,- деген кеңешин айтты.

Азербайжан Мамлекеттик экономикалык университети (UNEC) тарабынан уюштурулган Экономикалык Форумга (UEF Baku 2021) катышуу үчүн Бакуга барган Азиз Санжар (кечээ) маалымат жыйын өткөрдү.

Санжар Азербайжандын 2020-жылы жерлерин армян баскынчылыгынан куткаруу үчүн жүргүзгөн 44 күндүк согушка күнү-түнү байкоо салганын белгилеп: «Карабах жеңиши Түркиянын Боштондук согушунан кийинки Түрк дүйнөсүнүн эң чоң жеңиши»,-деди.

Акыркы 5 жылдан бери Түрк дүйнөсүн зыярат кылганын жана жетекчилерге фундаменталдык илимдерге инвестиция салууга кеңеш бергенин айткан Санжар: «Толук эгемендүүлүккө жетип укугубузду коргой турган деңгээлге жетүүнү кааласак, фундаменталдык илимге инвестиция салышыбыз керек. Мен улутчулмун. Түрк улутчулдугунун бир жагы да илимде күчтүү болуу. Илимде күчтүү болбосоң чет мамлекеттердин кылганына туруштук бере албайсың. Биздин учкучсуз учуучу аппараттарыбыздын негизинде илим бар. Ресурстарыбыз бар. Жумушчу күчүбүз бар. Чоң потенциалыбыз бар. Күчүбүздү фундаменталдык илимге берели. Балдарыбызды эксперименталдык илимге үйрөтөлү»,-деди.

Санжар, коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) табигый же жасалма вируспу деген суроого: «Ковид-19ду кытайлар ойлоп тапкан жок. Көптөгөн ушак-айың кептер айтылууда. Ковид-19 табияттан чыкты»,- деп жооп берди.



Тектеш кабарлар