Түрк Мамлекеттери Уюмунан Африкага вакцина жардамы берилди

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.

1743805
Түрк Мамлекеттери Уюмунан Африкага вакцина жардамы берилди

Түрк Мамлекеттери Уюму тарабынан берилген 611 миң 200 доза жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) вакцинасы Буркина-Фасо жана Тогого жеткирилди.

Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө президент Режеп Таййип Эрдогандын Түрк Мамлекеттери Уюмуна Африка өлкөлөрүнө вакцина жагынан жардам көрсөтүү чакырыгы эске салынып, Түркиянын эпидемия менен күрөшүүдө эл аралык тилектештикке маани бергендигине басым жасалды.

Билдирүүдө, Эрдогандын октябрь айында Африкага жасаган сапарында аймак өлкөлөрүнө кайрымдуулук кылуу чечими эске салынып: «Урматтуу президентибиз, Түрк Мамлекеттери Уюмунун 8-саммитинде уюмдун атынан Африкага вакцина жардамынын берилерин да билдирди»,-делген.

Билдирүүдө, ушул боюнча уюмдун атынан Африка өлкөлөрүнө жиберүү үчүн Түркиянын 200 миң доза, Азербайжан менен Өзбекстандын  100 миң дозадан Sinovac вакцинасы жана Венгриянын 211 миң 200 доза Sinopharm вакцинасын бөлгөндүгүнүн маалыматы бөлүшүлдү.

Билдирүүдө айтылган вакциналардын суроо-талап жана муктаждык эске алынып, Буркина-Фасо жана Тогого жеткирилиши үчүн керектүү келишимге жетишилгени белгиленип: «Азербайжан, Өзбекстан жана Венгрия тарабынан берилген вакциналар өлкөбүзгө келди жана бул вакциналар өлкөбүз тарабынан берилген вакциналар менен бирге 6-декабрда аскердик жүк ташуучу учагыбыз менен жогоруда аталган эки өлкөгө жөнөтүлдү. Буркина Фасого 400 миң Синовак, Тогого 211 миң 200 доза Sinopharm вакцинасы жеткирилди»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар