Эрдоган Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Президенттиктин басма сөз борборунан алынган жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Эрдоган 53 жашын белгилеген Жапаровго телеграмма жиберди.

1743765
Эрдоган Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

Президенттиктин басма сөз борборунан алынган жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Эрдоган 53 жашын белгилеген Жапаровго жиберген телеграммасында ден- соолук жана бакыт, ал эми дос жана боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Бизди эки мамлекеттин коопсуздугунун, стабилдүүлүгүнүн жана гүлдөп-өнүгүшүнүн пайдубалы болгон тыгыз тарыхый жана маданий байланыштар байланыштырып турат», - деп айткан Эрдоган: «Биз Кыргызстан менен стратегиялык деңгээлде уланып жаткан эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрөбүз», - деди.

Эрдоган өлкө башчысын жана кыргыз элин 28-ноябрда өлкөдө тынч өткөн парламенттик шайлоо менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктады.

1968-жылы 6-декабрда Кыргызстандын түндүгүндөгү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган Жапаров ушул жылдын башында президенттик кызматка отурган.



Тектеш кабарлар