Азербайжанда шейит болгон аскерлер үчүн салтанат өткөрүлдү

Азербайжанда аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен шейит болгон, көбү жогорку даражалуу  14 аскер үчүн салтанат өткөрүлдү.

1741620
Азербайжанда шейит болгон аскерлер үчүн салтанат өткөрүлдү

Азербайжанда аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен шейит болгон, көбү жогорку даражалуу  14 аскер үчүн салтанат өткөрүлдү. 

Борбор шаар Бакудагы Серхатчи спорт борборунда өткөрүлгөн аземге Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы генерал Элчин Гулиев, Аскердик башкы прокурор Ханлар Велиев, Баку губернатору Эльдар Азизов, шейиттердин жакындары жана жарандар катышты.

Салтанатта шейиттердин Азербайжандын желегине оролгон табыттары аянтка чыгарылды. Бир минуталык эскерүү жана Азербайжан улуттук гимни аткарылгандан кийин шейиттердин өмүр баяны окулду. 

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы генерал Гулиев шейит болгон  аскерлердин  2-Карабах согушуна да катышканын айтып,  аскерлер үчүн кайгыргандарын билдирди. 

Гулиев шейит болгондордун үй - бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, курал жолдошторун эч качан унутпай тургандарын  баса белгиледи.

Шейиттердин сөөгүн курал жолдоштору 2 -  Шейиттер Хыябанына көмүү үчүн унааларга алып барылды.

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматтарына таандык Ми-17 үлгүсүндөгү аскердик тик учар кечээ Хызыр аймагындагы Карахейбет аба машыгуу полигонуна конуп жатып  кырсыкка учурап,14 аскер шейит болуп, 2 аскер жараланган. 

 



Тектеш кабарлар