ЭКУнун саммити Ашхабадда өттү

Саммитте президент Эрдоган кезектешкен төрагалыкты Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовго тапшырды.

1739789
ЭКУнун саммити Ашхабадда өттү

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммити өттү.

Саммитте президент Режеп Таййип Эрдоган кезектешкен төрагалыкты Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго тапшырды.

Саммитте сөз сүйлөгөн Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов уюмга мүчө өлкөлөрдүн атаандаштык артыкчылыктарын пайдалануу, жаңы транспорттук жана транзиттик коридорлор менен энергетикалык жолдорду түзүүгө толук кандуу катышуучу болуу сыяктуу маанилүү милдеттери бар экенин айтты.

Бердымухамедов: «Транспорт жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү Түркмөнстандын ЭКУнун алкагындагы эң маанилүү артыкчылыктарынын бири. Бул тармактар дүйнөлүк экономиканын өсүшүндө чечүүчү ролду ойнойт»,-деди.

Көптөгөн транспорттук коридордун түзүлүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген Бердымухамедов, Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан багыты боюнча электр линиясы, Түркмөнстандан Ооганстанга темир жол жана Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия жаратылыш газ түтүгүн куруу иштери жүрүп жатканын баса белгиледи.

Ооганстандан баштап Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Түркия коридорунун ошондой эле Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Оман транспорт коридорунун түзүлүүсү керектигин белгилеген Бердымухамедов, чыгыш-батыш жана түштүк-түндүк багытындагы өткөөлдөрдүн сооданын көбөйүшүнө салым кошо турганын айтты.

Бердымухамедов ЭКУга мүчө мамлекеттердин катышуусу менен ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышынын континентте жаңы гео-экономикалык аймактын түзүлүүсү үчүн маанилүү фактор экенине көңүл буруп, бул аймактардагы инвестициянын да негизги социалдык өнүгүүлөргө шарт түзө турганын белгиледи.

Ооганстандын экономикалык процесстерге катышуусунун маанилүү экенин белгилеген Бердымухамедов : «Ооган элине бул кыйын мезгилде тез жана таасирдүү гуманитардык жардам беришибиз керек деп эсептейм»,-деди.

Түркмөнстандын президенти Бердымухамедов ЭКУ өлкөлөрүн коронавирус пандемиясынын алдын алуу үчүн кызматташууну арттырууга чакырды.

ЭКУнун саммитине президент Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Пакистандын президенти Ариф Алви, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин катышты.



Тектеш кабарлар