Кыргызстанда кыргыз тилин жайылтууну караган мыйзам долбоору иштелип чыкты

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адистери тарабынан даярдалган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам долбоорунда кыргыз тили маданий баалуулуктар жаралган байыркы түрк тилдеринин бири экени баса белгиленген.

1738872
Кыргызстанда кыргыз тилин жайылтууну караган мыйзам долбоору иштелип чыкты

Кыргызстанда кыргыз тилин коомдук турмуштун бардык тармагына жайылтууну караган мыйзам долбоору даярдалды.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адистери тарабынан даярдалган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам долбоорунда кыргыз тили маданий баалуулуктар жаралган байыркы түрк тилдеринин бири экени баса белгиленген.

Мыйзам долбоорунда кыргыз тилине расмий тил статусу Конституцияга киргизилгени, ал эгемен Кыргыз Республикасын түзгөн элдин тили жана өлкөдөгү этникалык элдердин баарлашуу тили экени белгиленген.

Мыйзам долбоорунда кыргыз элинин иденттүүлүгүн өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү мамлекеттик тилди кеңири жана толук колдонуунун жана мамлекеттик тилдин коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө сакталышынын негизи экендиги белгиленген.

Орус тили да расмий тил болгон өлкөдө Кыргыз тили боюнча мыйзам долбоору парламентте жактырылса, президент Садыр Жапаровдун кол коюусуна сунушталат.



Тектеш кабарлар