Назарбаев бийликтеги партиянын жетекчилик кызматын өткөрүп берди

Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибай маалымат берди.

1737618
Назарбаев бийликтеги партиянын жетекчилик кызматын өткөрүп берди

Казакстандын негиздөөчүсү Нурсултан Назарбаевдин бийликтеги Нур Отан партиясынын жетекчилик кызматын президент Касым Жомарт Токаевге өткөрүп бергени маалым болду.

Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибай Твиттердеги баракчасынан, мындай чечимдин бүгүн Нур Отан партиясынын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынганын билдирди.

Үкибай: «Нурсултан Назарбаев партияны президент жетектеши керектигин баса белгилеп, Нур Отан партиясынын жетекчилик кызматын өткөрүп берүүнү чечти»,-деп айтты.

Казакстанды 28 жыл башкаргандан кийин 2019-жылдын 19-мартында президенттиктен кеткен Назарбаев Нур Отан партиясынын жетекчиси катары кызматын улантып жаткан болчу. 



Тектеш кабарлар