Евробиримдик менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери Тажикстанда жолугушту

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Европа Биримдиги (ЕБ) – Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-жыйыны өттү.

1737129
Евробиримдик менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери Тажикстанда жолугушту

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Европа Биримдиги (ЕБ) – Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 17-жыйыны өттү.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, жыйынга Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Гаджиев жана Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл катышты.

Жолугушууда Евробиримдик менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелер, актуалдуу маселелер, жалпы коопсуздук, аймактык кызматташтыкты кеңейтүү жана Ооганстандагы кырдаал талкууланды.

Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин кызматташтыгы бааланган жыйында саясий, соода, экономикалык, экологиялык, климаттык өзгөрүү, суу-энергетика маселелери, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын абалы, коопсуздук,терроризм жана экстремизм маселелери талкууланды.

Жолугушууда Ооганстандагы кырдаалды кеңири талкуулап, тараптар Ооганстан боюнча биргелешкен аракеттерди, анын ичинде аймактагы мамлекеттер менен Ооганстандын ортосундагы чек араларды коргоо маселелерин карап чыгышты.

Жыйындын соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды.



Тектеш кабарлар