Дөнмез: «Электр энергиясына болгон муктаждык жогорулайт»

Антальяда өткөрүлгөн 11-Түркия энергетика саммитинин алкагында делегациялар ортосундагы жолугушууда Дөнмез Түндүк Кипр Түрк Республикасынын экономика жана энергетика министри Сунат Атун менен жолугушту.

1736627
Дөнмез: «Электр энергиясына болгон муктаждык жогорулайт»

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) энергия менен камсыздоо коопсуздугу үчүн муктаж болгон долбоорлорду колдоону уланта тургандарын билдирди.

Антальяда өткөрүлгөн 11-Түркия энергетика саммитинин алкагында делегациялар ортосундагы жолугушууда Дөнмез Түндүк Кипр Түрк Республикасынын экономика жана энергетика министри Сунат Атун менен жолугушту.

Дөнмез жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында электр энергиясынын трансформациясынын дүйнөнүн күн тартибинин эң башкысы экенине көңүл буруп, мамлекеттердин экологиялык жактан таза жана фоссилдик отундарды азыраак колдонгон энергия системаларына кайрылып жатканын белгиледи.

Аралдын энергетикалык трансформация программасы боюнча министр Атун менен кеңешкендерин айткан Дөнмез: «Биринчи кезекте аралда иштеп жаткан мазут электр станцияларын жаратылыш газына айландыруу маселесин бааладык. Буюрса, биринчи кезекте ишке ашырыла турган долбоорлордо LNG аралга алып келинет. Өнөр жай жана туризм объектилери , өзгөчө электр энергиясын өндүрүүчү заводдор да муктаж болгон бул таза энергия булагына ээ болушат»,-деп айтты.

ТКТРдеги электр унаа долбоорун кызыгуу менен ээрчигендерин баса белгилеген Дөнмез: «Электрдик унаалардын тутумга кириши менен электр энергиясына болгон муктаждык да жогорулайт. Жакынкы жылдарда аралдын электр энергиясына болгон суроо-талап балансы каралып, тармакта жүргүзүлүшү мүмкүн болгон кубаттуулуктар, анын ичинде электр энергиясынын кубаттуулугу жогорулайт. Ага ылайыктуу жаңы муундагы объектилер күн тартибинде болушу мүмкүн.

Аралдын күн энергетикалык потенциалы кыйла жогору. Муну арттыруу үчүн биргелешип иш жүргүзө аларыбызды билдирдик. Биз кечээкидей эртеңки күнү Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы мекендештерибиздин жанында болууну улантабыз. Аралдын энергия менен камсыздоо коопсуздугу үчүн муктаж болгон долбоорлорду колдоону улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар