Илхам Алиев менен Никол Пашинян жолугушат

Европа Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишелдин Алиев жана Пашинян менен аймактагы абал жана 15-декабрда боло турган Чыгыш өнөктөштүк саммитине даярдыктар алкагында телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

1736284
Илхам Алиев менен Никол Пашинян жолугушат

Европа Биримдиги  Кеңеши Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер - министри Никол Пашиняндын декабрь айында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушарын жарыялады.

Европа Кеңешинин билдирүүсүндө, Кеңештин төрагасы Чарльз Мишелдин Алиев жана Пашинян менен аймактагы абал жана 15-декабрда боло турган Чыгыш өнөктөштүк саммитине даярдыктар алкагында телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгиленди.

Мишелдин Алиев менен Пашинянга саммиттин алкагында Брюсселде жыйынга жетекчилик кылууну сунуш кылгандыгы айтылды.

Алиев менен Пашиняндын телефон  аркылуу сүйлөшүүсүндө түз байланыш линиясын түзүү боюнча да макулдашканы жана бул линиянын эки тараптын коргоо министрлеринин ортосунда «алдын алуу механизми» катары түзүлө турганы маалымдалды.

 

 



Тектеш кабарлар